Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 15.12.2015 13:56

Ноокаттагы мугалимдерге электрондук технологияларды колдонуу менен сабак өтүүнүн жолдору үйрөтүлдү

Turmush -  Ноокат районундагы Кеңеш айылында жайгашкан «Арбын» орто мектебинде «Электрондук каражаттардын билим берүүдөгү ролу» аталышындагы семинар өттү. Ага райондогу билим берүү мекемелеринин окуу бөлүм башчылары катышып, электрондук технологияларды колдонуу менен ачык сааттар өткөрүлдү.

Ошондой эле олимпиадалык топ менен иштөөнүн элементтери, насаатчы мугалимдердин жаш мугадимдерди тарбиялоодогу орду талкууланды, деп маалымдайт кабарчы.

Электрондук каражат бул бүгүнкү балдарга билим берүүдө негизги каражат, деди райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Осмонаалы Көчкөнбаев.

«Усулдук бирикмелердин иштери реалдуу түрдө иштегенде гана жаш мугалимдер чыгаан мугалим болуп чыга келет. Дал ошондо насаатчы мугалим өз милдетин тиешелүү деңгээлде аткарууга жана өз ара сабакка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал үчүн усулдук бирикменин ишин жандандыруу зарыл», - деп белгиледи О.Көчкөнбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×