Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 14.12.2015 14:33

Ноокатта жаңы курулган мектеп спорт залы менен пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Акыркы 3,5 жылдын ичинде Ноокат районунда 17 мектептин курулушу башталып, алардын 14ү толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев аталган райондогу «Айбек» орто мектебинин спорт залынын ачылыш аземинде билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 13-декабрда Т.Зулпуев айыл аймагындагы «Айбек» орто мектеби спорт залы менен пайдаланууга берилди. Ага райондун жетекчилери, айыл тургундары катышты. Бул курулуштун жалпы сметалык баасы 65 млн сомду түзүп, мектеп ашкана, спорт зал, ички ажаткана, ысык суу жана жуунучу жай менен камсыз болду. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×