Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 05.12.2015 13:38

Ноокатта мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун музейи ачылды (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 5-декабрда Ноокат районунун Т.Кулатов айылында ачылып жаткан музейдин курулуш ишине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 800 миң сом, ички жасалгасына 800 миң сом, ал эми экспонаттарга 80 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Музейге белгилүү мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун колдонгон буюмдары, кол жазмалары, басып өткөн жолун чагылдырган сүрөттөрү, медаль, төш белгилери, аскердик, партиялык билеттери, эмгек китепчелери, кийимдери жана башка ага 1000ден ашуун экспонаттар жайгаштырылган.

Т.Кулатов советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1932-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын мүчөсү болгон. Т.Кулатов өмүр жолунда көптөгөн мамлекеттик кызматтарда иштеген. Алсак, Эл комиссарлар советинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын жогорку советинин президиумунун төрагасы, 9 жолу СССРдин жогорку советине депутат жана 9 жолу Кыргызстан жогорку советинин депутаты болгон. 

5 жолу «Ленин» ордени, 4 жолу «Кызыл-Туу» эмгек ордени жана «Октябрь революциясы» ордени жана башка медалдар менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×