Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 05.12.2015 11:50

Ноокат районунда жаңы бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-декабрда Ноокат районундагы Т. Кулатов айыл аймагынын Апшыр-Ата айылында жаңы 50 орундуу «Жаша балалык таңы» балдар бакчасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары М.Махамадов, район акими Б.Айтиев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аксакалдары жана ата-энелер катышты. Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдун билдиргенине караганда, бакчанын курулуш иштерине 60 миң сом ата-энелердин эсебинен, 2 млн 444 миң сом жергиликтүү бюджеттен жумшалган. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 млн сомдон ашуун акча каражатына бакчанын ашканасы жаңыдан курулуп, эмеректери БУУнун Азык-түлүк программасына жазылган 460 миң сомдук долбоордун негизинде алынган.

«Районубузда болуп жаткан жакшы иштер, жаңы курулуштар элибиздин ынтымактуулугунун жана биримдигинин натыйжасында ишке ашууда. Район аймагында 76 айыл болсо, азыркы ачылып жаткан бакча 67-бала бакча. Мындан улам өлкөнүн балага, анын татыктуу билим алуусуна кандай шарт түзүп жаткандыгын көрүүгө болот», - деди райондун акими Б.Айтиев.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары М.Махамадовдун айтымында, облус аймагында жалпысынан 273 бакча бар жана балдардын 25%ы гана бакчага барат.

«Мындан 3 жыл мурун облустан бөбөктөрдүн 10%ы гана бала бакчага тартылган болсо, президенттин, өкмөттүн зор демилгеси менен учурда алардын саны 25%га жетүүдө», - деди ал.

Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров Куу-Майдан айылында 90 орундуу бакча, ошондой эле Кызыл-Кыя цемент заводунун эсебинен 50 орундуу бакча курулуп жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×