Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 05.12.2015 10:55

Ноокатта профсоюз комитетинин аткарган иштери талкууланды (фото)

Turmush -  Кечээ, 4-декабрда Ноокат районунда Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин, райондук профсоюз комитетинин III пленуму болуп өттү. Ага Ош облустук профсоюз уюмунун өкүлдөрү, пленум мүчөлөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев катышты. Анда райондук профсоюз комитетинин өткөн жылдагы аткарылган иштери жана алдыдагы аткарылуучу милдеттери талкууланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев профсоюз уюму көз карандысыз уюм экендигин белгиледи.  

«Мамлекет тарабынан билим берүүгө жана билим алууга толук шарт түзүп жатат. Бирок биз жана бизден билим алып жаткандар мамлекет күткөн жыйынтыкты бере албай жатабыз. Бул багытта эмгек тартибине көбүрөөк көңүл буруу зарыл», - деди М.Маматалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×