Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 03.12.2015 11:32

Айыл турмушу: Ноокаттагы жумушсуз уз-чеберлер чогулган «Оомат» тобу сапаттуу буюмдары менен көп кардар топтоого жетишти (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылында чебер айымдардын «Оомат» тобу уюшулган. Алар кийизден кыргыздын улуттук буюмдарын, баш кийимдердин, кол баштыктардын жана сувенирлердин түрлөрүн жасашат. Ал үчүн кой, эчкинин жүндөрүн пайдаланышат.

Аталган топ 2013-жылы Ноокат районун өнүктүрүү фондунун алкагында ишкер энелерди колдоо максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анда 7 аял эмгектенип жатат. Жылдык кирешеси 300 миң сомдон ашат.

Алар кол телефондун баштыгына чейин иштеп чыгышат. Иштелип чыккан буюмдар Кыргызстандагы шаарларга сатууга жөнөтүлөт. Буюмдардын баасы 100 сомдон 3000 сомго чейин бааланат.

«Оомат» тобуна буга чейин жумушсуз жүргөн уз-чеберлер кабыл алынган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, чеберлерге буюртма бергендер көп. Алар жасаган буюмдар сапаттуу жана баасы кымбат эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×