Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 28.11.2015 12:34

Айыл турмушу: Ноокаттын тургуну кичи трактор жасап, аларды 75 миң сомдон сатууда (фото)

Turmush -  Ноокат районунун 56 жаштагы тургуну Жээнтаев эки кызмат аткара турган кичи трактор жасады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү тургундун айтымында, ал тракторду жасоого 3 ай убактысын жана 40 миң сом акча каражатын короткон.

«Бул кичи трактор эки кызмат аткарат. Чөп чаап, жазында мөмө-жемиштерге арык салат. Быйылкы сезондо өзүбүз иштеттик. Тынбай иштесе саатына 1,5 литр бензин коротот. Кичи тракторду жасоо үчүн моторду Кытайдан сатып алдык. Бул кичи тракторго каалагандай мотор койсо болот. Күчтүү мотор койсо бардык ишти аткара алат. Бизге каалоочулар келип, акчасына жараша буюртма беришет. Биз алардын талабына жараша жасап беребиз», - деди ал.

Быйылкы жылы ал 4 кичи трактор жасап, ар бирин 75 миң сомдон саткан. Кичи трактор 9 аттын күчүнө ылайыктуу жумушту аткарат, бир күндө 1 гектар жердин чөбүн чабат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×