Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 27.11.2015 15:08

Ноокаттагы дене тарбия сабагынын мугалимдери окутулду

Turmush -  Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагында жайгашкан Кожеке орто мектебинде «Кыймыл - бул дене тарбиянын эң кубаттуу каражаты» аталышында дене тарбия сабагынан аймактык семинар болуп өттү. Ага райондогу дене тарбия мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук спорт мектебинин өкүлдөрү катышты.

Turmush басылмасынын кабарчысынын айтымында, семинарда ден соолук, спорт жана улуттук оюндардан тогуз коргоол, ордо оюндары боюнча тарбиялык сааттар өтүлдү.

«Дүйнө жүзүндө бардык жерде өлкөнүн президентине жана спорттун жеңүүчүсүнө гана желек желбиреп көтөрүлөт. Демек дене тарбиянын ролу бийик», - деди райондук спорт мектебинин директору Тыныбек Бекботоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×