Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 25.11.2015 08:33

Айыл турмушу: Ноокаттагы саздак жерге балык кармоочу көлмөлөр уюштурулуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жумушка тартылды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунун Таштак айылында балык өстүрүүчү 6 көлмө уюштурулуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ишке тартылды. Көлмөнү Таштак айылынын тургуну Уулбү Усенова жолдошу менен жасаган.

«Биздин жер саздак болуп, мурун ач кандай иштер жасалчу эмес. Быйыл айыл өкмөтүбүз ушул программаны сунуштап калды. Биз 2 көлмө уюштурдук. Мындан сырткары дагы 4 көлмөнү башкалар уюштурду. Биз ар бир көлмөгө 35 кг балык таштадык. 6 көлмөдө 134 адам эмгектенет. Алардын эмгек акысына БУУнун  азык-түлүк программасы тарабынан ун, өсүмдүк май берилет.

Жерибиздин калган бөлүгүнө спорт аянтчасын курууну пландап жатабыз. Мен дагы Россияда жүргөн баламдын ушул жерден эле акча табышын каалайм», - деди У.Усенова.

Ошону менен катар аталган райондогу жумушсуз 74 аял жашылча-жемиштерди өстүрүү боюнча окуудан өтүп, алардын түшүмүндөгү картошканын 1 даанасы 700 граммга жетти.

«Биз быйыл жашылча өстүрүү боюнча сабактарды өткөрдүк. Анда кыз-келиндерге кеңештер берилди. Жыйынтыгында 1 даанасынын салмагы 700 граммга жеткен картошка алышты. Мындан сырткары пияз, помидор, бадыраң, ашкабак сыяктуу өсүмдүктөрдү эгишти», - деди У.Калбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×