Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 18.11.2015 18:30

Ноокаттагы көркөм сүрөт мектеп-интернатынын жаңы жатаканасы ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-ноябрда Ноокат райондук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын жатаканасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу аземге Ноокат районунун акими Б.Айтиев, акимдин орун басары С.Эгембердиев, облустук жазуучулар союзунун төрагасы Улан Жалиев, мугалимдер, сүрөтчүлөр жана окуучулар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Мамлекет баланын бактылуу балалыгы үчүн, окуучунун жаркын келечеги үчүн бардык аракетин жасоодо. Эми балдар да өзүнүн билими, тартиби, максаты менен өлкөнүн үмүтүн актоосу зарыл. Бул жайда окуган балдар табигатты, жашоону, жаратылышты өзүнүн элестетүүсү менен чагылдырган таланттар», - деди аким Бекболот Айтиев.

Жыйындан соң аземдин катышуучулары жатакананын кызыл тасмасын кесип, имараттын ичи менен таанышып чыгышты.

IMG-20151118-WA0110

IMG-20151118-WA0111

IMG-20151118-WA0112

IMG-20151118-WA0113

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×