Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 17.11.2015 13:52

Ноокаттын Көк-Жар айылында курулган футбол аянтчасынын айланасы ашар жолу менен тосулуп жатат

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын борборуна курулган кичи футбол аянтчасынын айланасы атайын тосмолор менен тосулууда. Ага 800 миң сом сарпталат, деп билдирди Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Нияз Козуев.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 748 миң сом каралып, 1 миң отургучу бар кичи футбол аянтчасы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн. Быйыл жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом бөлүнүп, жергиликтүү эл тарабынан ашар жолу менен аянттын айланасы тосулуп жатат.

Курулуш иштери жакынкы күндөрү бүткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×