Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 17.11.2015 13:02

Ноокаттагы 40 жаштан жогорку мырзалар волейбол мелдешине түштү

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунда Р.Зикиряевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Ош облустук спорт башкармалыгынын башчысы Токтосун Камчыбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Ош, Баткен облусундагы 40 жаштан жогорку жаштагы мырзалар катышты.

«Биз 40 жаштан жогорку жаштагы мырзалар арасында волейбол өткөрдүк. Ага жалпысынан Ош, Баткен облустарынан 12 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынан келген спортчулар, 2-орунду Кадамжай районунун командасы, 3-орунду Кулатов айыл өкмөтүнүн командасы ээлешти. Мелдешке Р.Зикиряевдин балдары да демөөрчүлүк кылышты. Жеңген командаларга акчалар сыйлыктар тапшырылды», - деди Т.Камчыбеков.

Мелдеш 14- ноябрь күнү Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×