Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 16.11.2015 09:42

Ноокаттын Көк-Жар айылында 320 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Көк-Жар айыл аймагындагы Көк-Жар айылында 14-ноябрда жаңы 320 орундуу «Көк-Жар» бала бакчасы пайдаланууга берилди. Ага аталган райондун акими Бекболот Айтиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев, ата-энелер, айыл тургундары катышты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

«Эгерде мамлекетибиз күчтүү өнүккөн өлкө болушун каалай турган болсок, анда эң биринчи көңүлдү билим берүүгө буруу керек», - деп билдирди аким Бекболот Айтиев.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Козуевдин билдиргендей, жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан бакчанын имаратын өткөн жылы айыл өкмөт 6 млн 548 миң сомго сатып алган. Аны бакчага айландыруу үчүн 3 млн 600 миң сомдук долбоорлор жазылып, түрткү берүүчү гранттын, жергиликтүү бюджеттин, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен айылдагы 120 баланын бакчада тарбиялануусуна шарт түзүлдү.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев, аталган айыл аймакта 465 бала 6 бала бакчада тарбияланып, мектеп жашына чейинки 352 балага 480 сааттык программа боюнча билим берилип жатканына токтолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×