Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 12.11.2015 08:59

Айыл турмушу: Ноокаттын жайлоолорунда алгачкылардан болуп топоз багып, нукура кыргыз эчкилерин көбөйткөн үй-бүлө

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында көпчүлүккө таанымал «Малик» дыйкан чарбасы бар. Аны Орозали Матиев жетектейт. Чарба 1994-жылы уюшулган. Бул чарбада дыйканчылык да, мал чарбачылыгы да жолго коюлган. Ага карабай алар негизинен мал чарбачылыгына өзгөчө көңүл бурушат.

Матиевдердин үй-бүлөсү мал багуунун сырларын жакшы билишет. Алардын атасы Малик ата өмүрүн мал чарбачылыкка арнагандардан. Ал чарбанын ишине 14 жашынан тарта аралашып, пенсия жашына жеткенче улантат. Башкача айтканда, өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин чабан болуп эмгектенет. Бул жылдардын аралыгында байбичеси Салкын эне экөө үй-бүлө куруп, 9 уулдуу, 3 кыздуу болушат. Чабандык кесиптин сырларын толук өздөштүрүп, бир нече жолу райондук, облустук кеңештердин депутаты болот. Ленин ордени менен да сыйланган.

Бүгүнкү күндө нукура кыргыз тукумундагы эчкилерди өстүргөн үй-бүлөнүн улуу баласы Сейдали эчки багат. Алар эт, жүн багытындагы кыргыз эчкисин багууга өзгөчө көңүл бурушат. Учурда анын короосунда жүзгө жакын эчки бар. Өзү айткандай, күндөлүк тиричиликке байланыштуу эчкилерин сатса дагы 80 баштан кемитпейт.

«Негизгиси бул жандык биздин жердин аба ырайына ылайыкташканы менен өзгөчө. Ал суукка чыдамдуу келип, жайында саап алабыз. 1 литрден 2 литрге чейин сүт берет. Бул деле кайберендин бир түрү эмеспи. Бийик жердин, аска-зоонун, тоо-таштын, айтор, башка жандыктар жете албаган жерлердин чөбүн оттошот. Демек, биз билген, билбеген дарылык касиети бар чөптөр менен азыктанышат. Ушундан улам анын этинин да, сүтүнүн да адам баласынын ден соолугуна таасирин тийгизүүчү касиеттери бар деп ойлойм.

Ооба, эчкинин бул пародасынын жүнү кылчыктуу келет. Атамдын айтканына караганда, суук түшкөндө эчки тыбыт топтойт экен. Ошондуктан жүнүн алганда, жакшылап тарасаң, 200-300 граммга чейин тыбыт тарап алууга болот. Негизгиси кыргыз эчкиси кар калың түшпөсө, колдон отту талап да кылбайт»,- деп ал.

Нукура кыргыз эчкиси эт багытындагы мал катары эсептелет. Ал 20 килограммдан 50 килограммга чейин эт берет. Ушундан улам Сейдали атанын эчкилерине кызыккан адамдар көп. Анын текесин, ургаачысын сатып алып, көбөйтүүнү каалагандар да арбын.

Мындан тышкары, анын балдарынын короолорунан топоздорду көрүүгө болот. Топозду дыйкан чарба болуп бөлүнгөндөн тарта багып башташкан.

Кара-Кой айылынын айыл башчысы, Малик атанын чарбасына аралашып жүргөн Орозали: «Биричи Чоң-Алайдын Сары-Таш деген жеринен төрт баш топоз алып келди. Мен агам менен иштешип, аны бакмай болдум. Ушинтип топозчулук чарбага киришип кеттим. Адегенде менин аракетимди көрүшкөндөр шылдыңдап күлүп жүрүштү. Анткени биз жердеген Эчки-Атар менен Окшотмо жайлоолоруна буга чейин эч ким топоз баккан эмес болчу. Кийин аны көбөйткөнүбүздө баары суктана башташты. Өзү топоз суук жерди каалаган мал эсептелет. Ал деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктиктен төмөн жерде жашай албайт. Биздин жайлоолор топоздун жашап кетишине ыңгайы туура келет экен. Ошентип биз топозчу болуп кеттик. Кийин анын башы көбөйгөндө калган ага, инилерим да багып калышты.

Топоздун жакшы жактары өтө көп. Ага жем, чөп камдайын дебейсиң. Кайберен сымал келип, кышындасы карды тээп, жайкысын жашыл шиберди оттоп, өзүн-өзү баккан жаныбар да. Ургаачысы 30 жыл, эркеги 8-9 жыл жашайт. Анын сүтү да өзгөчө майлуу келет. Букалары 340 килограммга чейин, ургаачылары 230-240 килограммга чейин таза эт берет. Айтор, биздин аймакта топоз багуу өтө көп киреше алып келет»,- деп кошумчалады.

Топоздорго шарп менен кара санга каршы убагында эмдөө жүргүзүү, оттоп жүргөн жерлерин көзөмөлдөп коюу гана жетиштүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×