Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 04.11.2015 09:59

Республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүн даярдаган Ноокаттагы балдардын чыгармачылык борбору 110 ийрим менен билим берүүнү улантууда

Turmush -  Ош облусунун Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунда жалпысынан техникалык багытта 27, экологиялык багытта 9, өздүк көркөм чыгармачылык багытында 22, кол өнөрчүлүк багытта 28, аймак таануу, туризм багытында 24 ийрим иштейт. Ага 1-4-класстардагы 120 окуучу, 5-8-класстардагы 860 окуучу, 9-11-класстардагы 490 окуучу тартылганын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, райондук балдардын чыгармачыл борборунда тарбияланып жаткан балдар «Алтын түйүн» коомдук фондунун 21-кылымдын интеллектуалдары жана башка республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыздаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×