Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 04.11.2015 08:40

Ноокатта жаш ойлоп табуучулардын жаңы ийгиликтерин жаратуу жолдору каралды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы балдардын чыгармачылык борбору тарабынан уюшулган «Жаш ойлоп табуучулардын жаңы ийгиликтери» деген аталыштагы облустук семинар кечээ, 3-ноябрда болуп өттү. Ага Ош облустук балдардын чыгармачыл борборунун директору Рахман Назаров, Ноокат районунун аймагындагы ийрим жетекчилери, Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа, Араван, Кара-Суу райондорундагы жана Ош, Өзгөн шаарындагы шаардык, райондук балдардын чыгармачылык борборлорунун окуу бөлүм башчылары катышышты.

Семинар учурунда Б.Атишев, К.Бобулов атындагы Баргы жана А.Чыңгараев атындагы орто мектептеринин окуучулары тарабынан даярдалган «Жол коопсуздук кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аталышында практикалык сабактар, техникалык багыттагы ийрим жетекчилеринин көргөзмөлүү жана практикалык сабактары өтүлүп, концерттик программалар тартуу кылынды.

«Азыркы күндө техникалык багыттагы ийримдер боюнча көбүрөөк иш алып баруу зарыл. Албетте ийгиликтер көп, бирок дагы изденип, алдыга багыт алуубуз зарыл», - деп билдирди облустук балдардын чыгармачыл борборунун директору Р.Назаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×