Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 28.10.2015 15:56

Ноокаттагы айрым мектептердин жылытуу системалары сыноодон өткөрүлө элек

Turmush -  Бүгүн, 28-октябрда Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиялык кеңешмеси болуп, ага Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Мамадали Дүйшеев, райондук профсоюз комитетинин төрайымы,  мектеп директорлору катышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жыйында билим берүү мекемелеринин кышка карата даярдыгы боюнча билдирүү уктурулду.

«Айрым мектептерде азыркы күнгө чейин жылытуу системасы сыноодон өткөрүлгөн эмес. Кечээки жааган кар биздин кышка карата даярдыгыбыздын деңгээлин көрсөттү»,- деди М.Дүйшеев.

Бүгүнкү күндө райондогу мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жалпысынан 3341 тонна көмүр түшүп, план 65% аткарылган.

Жалпы 4950 тонна көмүр керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×