Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 28.10.2015 15:39

Ноокатта окуучулар арасында аскердик спартакиада өттү (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Тажибай атындагы орто мектепте окуучулар арасында «Жашасын жеңиш» аталышындагы  аскердик спартакиаданын аймактык этабы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ага 16 айыл аймак жана 1 шаардагы мектептер арасындагы спартакиаданын аймактык этабынын жеңүүчүлөрү катышты. Спартакиаданын жүрүшүнө райондук билим берүү бөлүмүнөн Мустафа Бурканов, Замирбек Төрөжанов, райондук аскер комиссариатынын өкүлдөрү катышты. Анда окуучулардын аскердик даярдыгы, граната ыргытуу, аскердик ырлар, көркөм окуу, автоматты жарым чачып жыйноо тапшырмалары аткарылды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Кожомберди Кубатов билдиргендей, иш-чара Коргоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен иш планынын негизинде  өткөрүлдү.

 

 

 

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×