Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 26.10.2015 17:51

Ноокатта ата-энелер картошка тигүү менен «Жылдызча-Нур» бала бакчасын 40 жылдан ашуун каржылап келишкен (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы «Жылдызча-Нур» балдар бакчасы 1972-2007-жылга чейин ата-энелердин демилгеси менен жыл сайын картошка тигип, анын пайдасына иш жүргүзүп келген. Бул тууралуу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы «Жылдызча-Нур» балдар бакчасынын башкы тарбиячысы Карамат Ашимова билдирди.

Анын айтымында, 1972-жылы СССР маалында курулган Кырыгыз-Ата айыл аймагындагы «Жылдызча-Нур» балдар бакчасы 2007-жылга чейин ата-энелердин демилгеси менен картошка тигип, анынын пайдасына бала бакча өз ишин токтотпой келген.

1994-жылы СССР кризиске учурап, Ноокат районундагы 57 бала бакча жок болуп кеткен. Ошол убакта «Жылдызча-Нур» балдар бакчасын сактап калуу максатында аталган айылдан 10 аялдан турган демилгечи топ түзүлгөн. Ал топтун негизинде айылдагы бош жаткан жерлерге картошка эгилип, картошкадан түшкөн акча каражатка балдар бакчасы оңдоп-түзөөдөн өткөн. Андан тышкары, тарбияланган балдардын тамак-ашына жана тарбиячыларга да картошкадан түшкөн акча каражаттын эсебинен маяна берилип, бала бакча өзүн өзү каржылап келген.

Мындай кыйынчылыктардан улам 2007-жылы мамлекеттик бюджетке өтүп, 2013-жылы «Жылдызча-Нур» балдар бакчасына кошумча бөлмө курулуп, 90 орундуу болгон. Бул балдар бакчасы мындан мурдагы жылы облуста эң мыкты бала бакча наамын жеңип алган. «Жылдызча-Нур» бала бакчасы башка балдар бакчаларынан айырмаланып, ата-энелер тарабынан жомоктогудай болуп жасалгаланган жана өзүн өзү каржылаган.

«Бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз-Ата айыл аймагында өз ишин токтотпой келе жалкан «Жылдызча-Нур» балдар бакчасы 43 жашка толду», - дейт К.Ашимова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×