Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 17.10.2015 13:05

Фото - Акын жана жазуучу Камчы Жунусовдун 100 жылдык мааракеси Ноокатта белгиленүүдө

Turmush -  Бүгүн, 17-октябрда Ош облусундагы Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагында белгилүү жазуучу жана акын Камчы Жунусовдун 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бүгүнкү мааракенин катышуучуларынын саны 600дөн ашык, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңылбек Пратов билдиргендей, мааракеге Бишкек, Ош шаарларындагы жазуучулар союзунун мүчөлөрү, акындар, мекеме-ишканалардын жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Мааракенин конокторуна сый тамак уюштурулуп, иш-чара концерттик программалар менен коштолууда. Сөз алган коноктор акын тууралуу билгендерин айтып, анын адамдык сапаты менен талантына өзгөчө баа берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×