Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 17.10.2015 12:18

А.Эргешовдун жаркын элесине арналган Ноокат районунун айыл өкмөттөр аралык валейбол мелдешинин жеңүүчүлөрү 45 миң сом менен сыйланды

Turmush -  Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкаар Эргешовдун жаркын элесине арналган Ноокат районунун айыл өкмөттөр аралык валейбол мелдешинин биринчилигине Кара-Таш айыл өкмөтү ээ болду. Бул тууралуу Ноокат райондук дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кожоев Ислам билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Нишанов атындагы орто мектептин спорт аянтчасында өткөрүлүп, райондогу 12 айыл өкмөт менен Ош шаарынын командасы катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунга Кара-Таш айыл өкмөтү ээ болсо, 2-орунду Кеңеш айыл өкмөтүнүн №2 командасы, 3-орунду ошол эле Кеңеш айыл өкмөтүнүн №1 командасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө Абдыкаар Эргешовдун уулу тарабынан жалпы 45 миң сомдук акчалай сыйлык берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×