Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 15.10.2015 16:40

Ноокатта кургак учуктан 7 адам каза болду

Turmush -  Ноокат районунда ушул жылдын 9 айында 7 адам кургак учуктан каза болду. Райондук кургак учукту дарылоо бөлүмүнүн башчысы Адыл Эгембердиев аймактык кабарчыга билдиргендей, 9 айдын жыйынтыгы менен райондун 552 жашоочусу кургак учук менен каттоодо турат. Ал эми быйылкы жылы жаңыдан кургак учукту жуктургандардын саны 154гө жетти. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 11 адамга көп.

Ал эми ушул жылдын 9 айында кургак учук оорусунан 7 адам каза болсо, 2014-жылдын 9 айында 5 адам каза болгон. Жаңыдан кургак учукка кабылган 154 жарандын ичинен 82си 18 жаштан 40 жашка чейинкилер.

«Жаш мезгилинде кургак учукка кабылгандардын санынын өскөндүгү өтө кооптуу. Жаштар негизинен чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, кургак учук оорусуна кабылып келүүдө», - деди дарыгер.

Бул жылы мектептердин окуучулары, мугалимдер жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери кургак учук боюнча текшерүүдөн өткөрүлүп, 5 кызматкерден кургак учуктун белгилери табылды. Мындай учурлар мындан мурдагы жылдары катталган эмес.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, кургак учук оорусуна кабылган 136 жаранга жергиликтүү бийликтен 265 миң 800 сом акча каражаты бөлүнүп, материалдык жардам көрсөтүлгөн.

«Ошондой эле кургак учук оорусуна кабылган жарандар алыскы шаарларга барып дарыланышы үчүн жергиликтүү бийликтен 54 миң сом бөлүнүп, 20 адамга жол кире төлөндү», - деди А.Эгембердиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×