Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 10.10.2015 15:34

Айыл турмушу: Ноокаттын 63 жаштагы тургуну А.Шайыков бак бутоочу өзгөчө кайчы ойлоп тапты (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылынын 63 жаштагы тургуну Абдилла Шайыков мөмө-жемиштердин багын бутоо үчүн өзгөчө кайчы ойлоп тапты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Шайыковдун айтымында, ал кайчыларды унаанын эң катуу метал темиринен жасаган. Учурда бул кайчылар Түркия мамлекетинде да сатылууда. Ал ушул сыяктуу буюмдарды жасоодо Кытайдан метал темирин алып келет. Бул кайчылар бактардын жоондугуна карабай кесет.

Айылдык аксакал 3 жылдан бери үйүндө устакана ачып, мөмө-жемиштердин бактарын бутоочу кайчыларды, ат такалоочу шайманадарды жасайт.

«Сабиз тууроочу станок дагы жасадым, аны жакында сатыкка чыгарам. Мындай сабиз тууроочу станок Орто Азияда жок. Кайчылар базар баасындай 100 сомдон сатылат. Мен жасаган кайчылар союз мезгилде да чыгарылган эмес. Булар Орто Азиядагы эң сапаттуу кайчылар», - дейт А.Шайыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×