Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 08.10.2015 11:23

Республикалык спартакиаданын жүрүшүндө Ноокаттын намысын 28 спортчу коргойт

Turmush -  Ноокат районунун 28 спортчусу Республикалык 7-спартакиадага спорттун 4 түрү менен катышууда. Райондук спорт комитетинин инструктору Ыслам Кожоевдин айтымында, Жалал-Абадда өтүп жаткан спартакиаданын жүрүшүндө ноокаттык спортчулар спорттун волейбол, баскетбол, жеңил атлетика жана шахмат түрү боюнча мелдештерге түшөт.

Республикалык 7-спартакиада кечээ, 7-октябрда башталды. 4 жылда бир өтүүчү спартакиада Жалал-Абаддын Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлу-Суу, Токтогул шаарларында 14-октябрга чейин созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×