Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуНоокат району 08.10.2015 11:10

Фоторепортаж - Алма фестивалы бул жылы чет элдик коноктордун катышуусу менен Ноокатта өтүүдө

Turmush -  Бүгүн, 8-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда алма фестивалы өтүп жатат. Жарманке-фестивалга алманын 30дай сорту чыгарылды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Ошондой эле окуучулар курамына алма кошулган ар кандай салаттарды, алманын кол менен тартылган сүрөттөрүн да алып чыкты. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай оюн-зоокторду, ыр-бийлерди камтыган концерттик программа тартууланат.

БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өтүп жаткан фестивалдын максаты — ноокаттык багбандардын эмгегин, Ноокатта өстүрүлгөн алмаларды өлкөнүн башка аймактары менен эл аралык коомчулукка таанытуу.

Ошондой эле анын жүрүшүндө багбандар кошумча алма өндүрүүнүн жаңы технологияларын, кайра иштетүүнү, экспорттоо жана сактоо боюнча маалымат алышат.

Фестивалга Айыл чарба министрлиги, жеке компаниялар, ишкерлер, бизнес-ассоциациялар, жергиликтүү тургундар, бейөкмөт уюмдардын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Казакстан, Түркия, Кытайдан чакырылган меймандар катышууда.

Алма фестивалы мурунку жылы Өзгөн районунун Ак-Жар айылында өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×