Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 08.10.2015 10:33

Ноокаттагы «Келечек булагы» бала бакчасы кошумча 30 орундуу имарат менен камсыздалды (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы «Келечек булагы» бала бакчасы кошумча 30 орундуу имарат менен камсыз болду. Ага жалпысынан Балдарды коргоо уюмунан 121 миң 719 сом, айыл өкмөттөн 174 миң 550 сом, жергиликтүүлөрдөн 385 миң 500 сом акча каражаты жумшалган. Имарат толук инвентарлар менен жабдылды.

Кошумча имараттын ачылыш аземине БУУнун «Балдарды коргойлу» уюумунун түштүк регионалдык координатору Саадат Саттарова, кореялык компаниянын өкүлү Сен Гуан Гу, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев, айыл өкмөт башчысы жана ата-энелер катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×