Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 06.10.2015 18:19

Ноокаттын Баглан айылына бир ай ичинде жаңы ФАП курулду

Turmush -  Ноокат районунун Баглан айылына бир айдын ичинде жаңы ФАП курулуп, пайдаланууга берилди. Кулатов айыл аймагынын башчысы Нуридин Мадумаровдун айтымында, эки контейнер бириктирилип, бир ай мурун ФАП курула баштаган. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 487 миң сом жумшалган.

«Медициналык пункттун эски имараты пайдалануудан чыгып калган. Бүгүнкү күндө Баглан айылынын 1133 тургунуна эң керектүү ФАП курулду»,  - деди Нуридин Мадумаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×