Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 29.09.2015 13:44

Бүгүн Ноокатта 90 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-сентябрда Ноокат районундагы Гүлистан айыл аймагында Р.Хужамов мектебинин алдында уюштурулган 90 орундуу «Гүл бакча» атындагы бала бакча пайдаланууга берилди. Ачылып жаткан бакчанын курулушу 2009-жылы башталып, жалпысынан курулуш иштерине 7 млн сомдон ашуун каражат жумшалган. Анын ичинен 1 млн сом ата-энелер тарабынан топтолуп, эмеректер менен толук камсыздалды.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн алынган маалыматтар боюнча, жыл башынан бери Ноокат районунда дагы төрт бакча пайдаланууга берилип, 360 бала бакчаларга тартылды. Жалпысынан буга чейин 59 бакчада 4 миң 787 бала тарбияланып жатса, бул жылы 63 бакчада 5 миң 161 бала тарбияланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×