Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 29.09.2015 11:18

Ноокатта мигранттар тарабынан 7 жыл мурун курулуп баштаган мектеп пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Бел-Өрүк айылында бүгүн, 29-сентябрда мындан 7 жыл мурун курулуш иши башталган 150 орундуу толук эмес орто мектеп пайдаланууга берилди. Ага Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев жана айыл тургундары катышты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Мектептин курулушу Россияда эмгектенип жүргөн Бел-Өрүк айылынын тургундары тарабынан 2008-жылы башталган. Бирок шарттуу себептерден улам токтоп калган курулуш иштери Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы жана жеке ишкерлер тарабынан кайрадан жанданып, курулуш аягына чыгарылды.

Мектепке Бел-Өрүк айылынын эң алгачкы мугалими, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Асамидин Калыкуловдун ысымы берилээри айтылууда. Толук эмес мектепте Додон-Бак айылынын окуучулары билим алат. Буга чейин алар 3 чакырым алыстыктагы Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинде окуп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×