Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 28.09.2015 17:34

Ноокаттын Кожо-Арык айылында 3 млн сомго курулган 60 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Turmush -  Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кожо-Арык айылына 60 орундуу «Жашоо балалык» атындагы бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Кулатов айыл аймагынын башчысы Нуридин Мадумаровдун айтымында, бала бакчанын курулушу жергиликтүү бийлик менен БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан каржыланып, 3 млн сомго жакын каражат сарпталды.

Анын ичинен 2,5 млн сомдон ашыгы жергиликтүү бюджеттен жумшалды. Учурда аталган бала бакчада 60 бала тарбияланууда. Балдардын тамак-ашын азырынча ата-энелер камсыздоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×