Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 28.09.2015 11:00

Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү эки мектептин эски имараттарын оңдоого каражат бөлүндү

Turmush -  Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү жараксыз абалдагы эки мектептин имаратына мамлекеттик бюджеттен акча бөлүндү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Марипов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, К.Каримов атындагы орто мектеп менен А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын имараты жаңыланат. Аталган эки мектеп 1972-жылы курулган.

К. Каримов мектеби 190 орундуу, бирок учурда 524 окуучу 3 кезмет менен билим алып келет. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен К.Каримов мектебине 320 орундуу имарат куруу үчүн 70 млн сом, ал эми А.Парпиев гимназия мектебине 225 орундуу имаратты спорт залы менен кошо курууга 74 млн сом акча каражаты бөлүндү. Куруу иштери 29-сентябрда башталат.

Аталган эки мектептин абалы менен өткөн аптада биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да таанышып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×