Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 28.09.2015 10:03

Ноокат районунда сентябрь айынын аягында ундун баасы арзандады

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунда ушул жылдын 26-сентябрына карата ундун баасы арзандады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык соода анализи, ишкердик жана текшерүүнү көзөмөлдөө секторунан маалымдашты.

Сектордун маалыматына ылайык, Ноокат районунда көрсөтүлгөн убакыт ичинде 1-сорттогу 1 кг ундун баасы 27,5 сом болсо, бир жума мурунку баасы 30 сомду түзүп, 8,3%га арзандады. Ал эми сентябрь айынын башында 1 кг 1-сорттогу ун 31 сомдон сатылган.

2-сорттогу 1 кг ун Ноокат районунда 26-сентябрга карата 23,5 сомго бааланса, анын бир жума мурунку баасы 24,5 сом болуп, баалык көрсөткүч 4,1%ды түздү.

Жалпы түштүк аймак боюнча 26-сентябрга карата 1-сорттогу 1 кг ун 30,5 сомдон, ал эми 2-сорттогу 1 кг ун 23,5 сомдон бааланууда. Бир апта мурун 1-сорттогу 1 кг ун 30,8 сом, 2-сорттогу 1 кг ун 23,7 сомдон сатылган. Муну менен ундун баасы 1%га жана 0,8%га арзандады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×