Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 28.09.2015 09:41

Ноокат районундагы эң мыкты мектептер 11 номинация менен сыйланды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунда 26-сентябрда Мугалимдер күнү белгиленди. Ага Жогорку Кеңештин вице-спикери Т.Зулпукаров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы К.Салиев, Араван жана Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Ноокат районунун аймагындагы мектептердин мугалимдери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Майрамдык салтанат мугалимдердин эмгегин даңазалаган видеотасма жана концерттик программалар менен коштолду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондук билим берүү бөлүмү менен мугалимдердин райондук профсоюз комитети тарабынан белгиленген 11 номинациянын жеңүүчүлөрү аныкталып, «Эң мыкты окуу бөлмө» номинациясы Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин АЧД бөлмөсүнө, «Эң мыкты усулдук бөлмө» наамы А.Беруний атындагы орто мектебине, «Мыкты ички жана сырткы инвестиция тарткан мектеп» наамы Н.Крупская атындагы орто мектебине, «Мыкты материалдык техникалык базасы бар мектеп» наамы Т.Бекиев атындагы орто мектебине, «Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку көрсөткүчтү камсыз кылган мектеп» наамы Айбек орто мектебине, «Эң мыкты спорт залы жана аянтчасы» наамы Х.Самиев атындагы орто мектебине, «Мектеп айланасын гүлзарга айландырган мектеп» номинациясы К.Жунусов атындагы орто мектебине берилди.

Жеңүүчү болгон мектептерге сертификат жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×