Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 25.09.2015 14:28

Ноокаттык жаштар 2 млн сом чогултуп, футбол аянтчасын курду

Turmush -  Ноокат районунун А.Мирмахмудов айыл аймагында кичи футбол аянтчасы курулду. Аянтчанын курулушуна 2 млн сом сарпталып, жергиликтүү жаштар тарабынан каражат топтолгон. Бул тууралуу А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Дастанбек Ажыбеков билдирди.

Маалым болгондой, футбол аянтчасы А.Мирмахмудов атындагы орто мектепке курулган. Аянтчанын узундугу 42 метр, туурасы 22 метрди түзөт.

«Кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи боло элек. Бирок пайдаланууга берилди», - деди Д.Ажибеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×