Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 19.09.2015 13:29

Ноокат аймактык ооруканасынын полу чирип, дубалдары кулап калуу коркунучунда турган жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн жаңы имарат курулууда

Turmush -  Ноокат районундагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаңы имарат курулуп жатат. Райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Мариповдун айтымында, жаңы бөлүмдү ушул жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 28 млн сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланды. Андан тышкары керектүү эмеректер үчүн 4,5 млн сом мамлекеттик бюджеттен кошумча бөлүндү. Учурда курулуш иштердин 50%нан ашыгы аткарылды.

«Ноокат райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 1956-жылы курулуп, эскилиги жеткен. Имараттын полу чирип, дубалдары кулап калуу коркунучунда турган», - деди А.Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×