Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 18.09.2015 18:32

Ноокаттын Көк-Жар айыл аймагында 75 млн сомго курулуп жаткан оорукана бир учурда 100 бейтапты дарылайт

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагына жаңы 100 орундуу оорукана курулууда. Бул тууралуу Ноокат райондук аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов билдирди. Анын айтымында, курулуштун жалпы сметалык баасы 75 млн сомду түздү. Курулуш мамлекет тарабынан каржыланып, быйылкы жылга 13 млн сом акча каражаты бөлүндү.

«Учурда курулуш иштери жүрүп жаткан оорукананын ордунда союз мезгилинде курулуп бүтпөй калган 2 кабаттуу имарат болгон. Бул имарат толук курулуп бүтпөй калгандан соң, ал имараттагы курулуш материалдары эл тарабынан таланып жок болуп кеткен. Бүгүнкү күндө кайрадан оорукана курула баштады», - деди Асамидин Марипов.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×