Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 11.09.2015 17:53

Ноокаттын Бел айылында 3 чакырымды кыскарткан 150 орундуу мектеп курулууда

Turmush -  Ноокат районундагы Бел айылында 3 чакырым алыстыкка каттаган мектеп окуучуларынын көйгөйүн чечүү каралууда. Бел айыл аймагынын башчысы Мамазияр Каратаевдин айтымында, 150 орундуу мектептин имараты жергиликтүүлөр тарабынан ашар жолу менен курулуп жатат.

Курулуш иштерине Бүткүл дүйнөлүк жаштар союзунун ассамблеясынын президенти Саид Баюми тарабынан 1,5 млн сом каралган.

«Бел айылында мектептин курулушу 2009-жылы башталып, бирок токтоп калган. Андан соң бул мектептин курулушун вице-спикер Төрөбай Зулпукаров колго алып, курулуш иштери кайра ууланууда.

Бул айылдагы окуучулар көп жылдардан бери 3 чакырым алыстыкта жайгашкан Гайвали Эргешов атындагы мектептен билим алат», - деди Мамазияр Каратаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×