Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 11.09.2015 09:23

Айыл турмушу: Ноокатта жылына 4 тоннадан ашык алма өстүргөн Кандалат апа аларды Ош—Бишкек—Баткен жолунун боюнда сатып өткөрөт (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Жийделик айылында жашаган Кандалат Мурзакматова Ош—Бишкек—Баткен жолунун боюнда алма сатуу менен киреше табат.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, алмадан жылына 4 тоннадан кем эмес түшүм алат. Анын айтымында, Ноокаттын алмалары башка аймактардыкына салыштырмалуу даамдуу жана таза. Анын алмаларын жолдон өткөн жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана башка жүргүнчүлөр кышкыга сактоо үчүн сатып алышат. Учурда алманын бир чакасы 100 сомдон сатылууда.

«Кыш жакындаган сайын кардарлардын саны көбөйүп, алманын да баасы өсө баштайт. Биз аларды базарга алып барып убара болбостон жолдун жээгинен эле аз убакыттын ичинде өткөрөбүз», - деди Кандалат апа.

2

1

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×