Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 10.09.2015 16:06

Ноокаттагы мурунку мал короо окуучуларга билим берүүгө пайдаланылууда

Turmush -  Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл аймагына караштуу Джипром айылында 275 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Кутманбек Турсункулов билдирди. Анын айтымында, мектептин курулушунун жалпы сметалык баасы 70 млн сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

«Учурда Өрнөк орто мектебинде тарбияланып жаткан 192 бала мурдагы мал короодогу малчылар жашап жүргөн  бөлмөдө окуп жатат.

Окуучулар 12 бөлмөлүү бул имаратта бир топ жылдардан бери билим алып келет. Мектептин эски имаратынын абалы өтө начар», - деди Кутманбек Турсункулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×