Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 09.09.2015 14:10

Ноокаттагы мектептердин жетекчилерине окуучуларды үгүт иштерине аралаштырбоо тапшырылды

Turmush -  Мектеп окуучуларын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт иштерине катыштырууга мыйзам жол бербейт. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев бүгүнкү өткөн аппараттык жыйында билдирди.

Үгүтчүлөр уюштуруп жаткан концерттер менен жолугушууларга мектеп окуучуларын тартуу аракеттери байкалууда, деди ал.

«Мыйзамда 18 жашка толбогон жарандар үгүт жүргүзүүгө, үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок деп ачык айкын көрсөтүлгөн. Андыктан окуучуларды үгүт иштерине аралаштырбоо жана ага жол бербөөнү ар бир мектептин жетекчилиги эске алууга тийиш. Окуучу аралашкан факт катталган болсо мектеп жетекчиликтерине катуу чара көрүлөт», - деди М.Маматалиев.

Ал укук коргоо органдарына, айыл өкмөт башчыларына партиялардын райондук штаб башчыларына билдирүү менен кайрылуу зарыл экендигин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×