Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 04.09.2015 17:39

Ноокат районунда август айынын ортосунан тартып күрүчтүн баасы кымбаттады

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунда август айынын ортосунан тартып 28-августка чейинки убакытта күрүчтүн баасы кымбаттады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык соода, ишкердик жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө секторунан маалымдашты.

Сектордун маалыматына ылайык, Ноокат шаарында көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 1 кг күрүчтүн баасы 87 сомдон 98,2 сомго, же 11,4%га кымбаттады. Муну менен катар күрүчтүн жергиликтүү сортторунун 1 кг баасы 100 сомдон 110 сомго көтөрүлдү. Муну менен баанын кымбаттаган көрсөткүчү 10%ды түздү. Импорттолгон 1 кг күрүч бул аймакта 74 сомдон 71,3 сомго арзандап, баалык көрсөткүч 3,6% болду.

Жалпы түштүк аймагы боюнча, көрсөтүлкөн убакыт аралыгында 1 кг күрүчтүн баасы 79,7 сомдон 80,9 сомго же 4,5%га кымбаттады. Ошондой эле жергиликтүү сорттогу күрүчтүн баасы бир аз көтөрүлдү. Тактап айтканда 93,1 сомдон 93,2 сомго же 01,%га өстү. Күрүчтүн импорттолгон сортторунун 1 килограммы 76 сомдон 76,8 сомго кымбаттап, баанын көрсөткүчү 1,1%ды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×