Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 29.08.2015 14:06

Ноокатта мектеп программасындагы аскерге чейинки даярдык сабагы талкууланууда

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат райондук аскер комиссариаты, Ноокат районундагы билим берүү мекемелеринин аскерге чейинки даярдоо предметинин мугалимдери менен бирге август усулдук окуусун өткөрүүдө. Секциялык ишке Ноокат райондук аскер комиссары, полковник Орозали Ысмаев, аталган райондун акиминин орун басары Сабыралы Эгембердиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев, аскер комиссариатынын кызматкерлери жана аскерге чейинки даярдоо предметинин мугалимдери катышууда, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Усулдук окууда негизинен 2015-2016-окуу жылындагы аскерге чейинки даярдоо предметинин жылдык календарлык планга толуктоолорду киргизүү, аскер комиссариаты менен билим берүү мекемелеринин балдарды аскердик, патриоттуулукка даярдоо багытындагы биргелешкен иш-чараларды түзүү боюнча талкуулар жүрүүдө. Аскер комиссары полковник Орозали Исмаев окуучулардын аскерге чейинки даярдоодо мугалимдердин ролу зор экенин белгиледи.

«Бир мезгилде АЧД (НВП) предметинин мугалимдери коопсуздук боюнча директордун орун басары катары айлык акы алчу. Ошондуктан балдардын аскер кызматына болгон кызыгуусу жогорку деңгээлде болчу», - деди полковник.

Өз учурунда АЧД предметинин мугалимдери сааттардын саны аз экендигин, мектептердеги турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери, жол коопсуздугу сыяктуу сабактар дагы АЧД предметинин мугалимдерине берилүүсү тийиш деп билдиришти. Аскерге чейинки даярдоо предметин ушул багыттагы адистер гана окутуусу зарыл экендигин акимдин орун басары Сабыралы Эгембердиев айтып өттү.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев мугалимдердин сапаттык курамына токтолуп, райондогу аскерге чейинки даярдоо предметинин мугалимдеринин ичинен аскер чини боюнча караганда 39у запастагы офицер, 2 мугалим старшина, 18 мугалим сержант, 3 мугалим ефрейтор, 29 мугалим катардагы жоокер АЧД предметин окутуп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×