Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 22.08.2015 13:17

Айыл турмушу: Ноокаттагы «Сахаба» жайындагы эс алуучуларга ат жана эшек арабалары менен кызмат көрсөткөн окуучулар күнүнө 1500 сомго чейин табышат (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы «Cахаба» эс алуу жайында эс алуучулардын саны өсүүдө. Айрыкча ал жайдагы мазарга зыяратка келип, куран окуткандар арбын. Уламыштар боюнча сахабалар (Мухамед пайгамбарды көргөн адамдар) ислам динин жеткирүү максатында келип, каза болгондон кийин ушул жайда көмүлгөнү айтылат.

Мындан тышкары эс алуу бактары, атайын жайлар да бар.

Жергиликтүү балдар эс алуучу жайга келген меймандарды эс алдырууга ат, эшектер менен кызмат көрсөтүшөт. Бир ат менен жарым саат убакытка сейилдөөгө ар бир эс алуучу 50 сом, эшек арабага түшүүгө 20 сом төлөйт.

Эшек араба менен меймандарды тейлеген балдардын биринин айтымында, бир арабага 6-7 адам батат. Эшек арабага түшүүгө кызыккандар көп болгондуктан, адам көп болгон учурда 1000-1500 сомго чейин акча табышат. Эшек арабага түшүүгө көбүнчө шаарлардан келген эс алуучулар кызыгышат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×