Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 20.08.2015 14:39

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү ата-энелерди балдарынын мектептеги жашоосун көзөмөлгө алууга чакырууда

Turmush -  Айрым ата-энелер малына көңүл бурганчалык, балдарынын тарбиясына көңүл бурбайт. Мындай пикирин Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев Көк-Жар мектебинде өткөн жолугушууда билдирди.

«Адамдар малына бир күндө жети жолу карап, көңүл буруп, чөп, суу, жем берет. Эгерде мал-жандыктарын малчыга берсе, айына эки жолу малынын абалын сурап турат. Бирок мектептеги баласынын жашоосу, окуусу, тарбиясы боюнча бир айда, же бир жылда бир жолу сурабаган ата-энелер көп жана мугалимдерге ошол ата энелер сын такканы мени таң калтырат.

Ал мугалимдерге сын тагуудан мурун мугалимдин жашоосу менен таанышып, баланын тарбиясына өзүнүн да жоопкерчилиги жогору экенин сезсе жакшы болоор эле», - деди М.Маматалиев.

Ошондой эле жаңы окуу жылында мектептердеги ачык сааттарга, маданий иш-чараларга ата-энелерди тартып, аларды мектептин турмушу менен аралаштыруунун зарылдыгын белгиледи.

Август усулдук окуусуна райондун батыш аймагындагы мектептерден 1300дөн ашуун мугалим катышты.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×