Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 07.08.2015 12:51

Ноокатта 5 жаштагы балдар окууга тартылууда

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунда 480 сааттык программанын алкагында мектепке чейинки билим албай калган балдар окутулат. Бул иш-чара 5 жаштагы балдарга билим берүү максатында уюштурулууда, деп маалымдайт райондук билим берүү бөлүмү.

«Бала чоңойсо өзү түшүнүп алат деген калпыс түшүнүктөн арылуу максатында жер-жерлерде 480 сааттык программа менен окуулар өткөрүлүүдө», - деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Маматалиев.

Бул боюнча райондо бүгүн, 7-августта атайын семинар өткөрүлүүдө. 480 сааттык программа боюнча сабактардын сааттары окуу тренингдерден өткөн гана мугалимдерге берилүүсү тийиш экендигин Улуттук тестирлөө борборунун Ош облусундагы координатору Райымбек Султанов белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×