Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 03.08.2015 10:11

Кыргызстандын жаратылышы: Уруксатсыз кирүүгө тыюу салынган Абшыр-Ата шаркыратмасына чет мамлекеттерден келгендердин саны өсүүдө (фото, видео)

Turmush -  Абшыр-Ата шаркыратмасы Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жайгашкан. Бул жайга зыярат кылуу үчүн Кыргызстандын аймагынан, Орто Азиядан келгендердин саны өсүп жатат, дешет жергиликтүүлөр.

Шаркыратма тоонун боорунан чыгып, анын жаралышы тууралуу тарыхый маалыматтар менен уламыштар айтылып келет.

Диний кызматкерлер Идирис пайгамбар таягын ташка урганда сүт агып чыккан деп айтып келишет. Абшыр сөзүнүн мааниси фарс тилинен которгондо сүт суу деген маанини берет.

Бул жакка келгендер Абшыр-Атадагы токойдо эс алып, шаркыратма, үңкүрлөргө да зыярат кылышат. Дарылык касиети бар деген түшүнүк менен булактан чыккан сууга жүздөрүн жууп кетишет.

Айрымдар салт боюнча жаш балдардын чачын ошол жайдагы адамдарга алдырышат. Эс алуучуларга түнөөгө да толук шарт түзүлгөн. Эки тоонун ортосунда жайгашкан бул жай, кооз табияты, арча, кайың, суусу менен айырмаланат. Жаныбарлар корукка алынган.

Союз убагында да эс алуучуларга шарт түзүлүп, пионерлерге лагерь курулган. Ал лагерь бүгүнкү күндө мектеп окуучулардын жайкы эс алуусуна кызмат кылууда.

Мыйзам боюнча Абшыр-Ата токой коругуна уруксатсыз кирүүгө, аңчылык кылууга, балык уулоого, мал багууга тыюу салынган.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×