Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуНоокат району 18.07.2015 10:36

Ноокатта июль айынын башында күйүүчү-майлоочу майлардын баасы 6,4-10,7%га жогорулады

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунда июль айынын башынан ортосуна чейин А-80, А-92 үлгүдөгү күйүүчү майдын жана дизель отунунун баасы жогорулап, көрсөткүч 6,4-10,7% га жогорулады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын соода анализи, ишкердик жана көзөмөл сектору билдирди.

Сектордун маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн убакыт ичинде А-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын 1 литри 32,5 сомдон 36 сомго же 10,7%га кымбаттады. А-92 үлгүсүндөгү 1 литр бензиндин баасы 38,5 сомдон 42 сомго жогорулап, көрсөткүч 9%га жетти.

Дизель отуну 17-июлда 39 сомдон 41,5 сомго же 6,4%га кымбаттады. Жалпы түштүк аймак боюнча көрсөтүлгөн убакыт аралыгында А-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын 1 литр баасы 34,3 сомдон 36 сомго, 4,9%га, А-92 үлгүдөгү күйүүчү майдын 1 литри 38,8 сомдон 41,5 сомго жогорулап, көрсөткүч 6,9%ды түздү.

Дизель отундун 1 литри түштүк облустары боюнча июлда 39,8 сомдон 41,5 сомго же 4,2%га кымбаттады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×