Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 16.07.2015 16:23

Ноокат районунда дарыгерлер жетишсиз

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы «Медигос» үй-бүлөлүк медициналык борборунда дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу аталган борбордун башкы дарыгери Абдуллап Матисаков билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, райондогу №16, №11, №17, №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда дагы дарыгерлер тартыш.

«Бүгүнкү күндө дарыгерлердин жетишсиздигине жумушун таштап кеткендер себеп болууда. Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 53 дарыгер, анын ичинен айылдардагы бөлүмдөрдө 35 дарыгер, 324 орто билимдүү медицина кызматкерлери эмгектенүүдө», - деди Абдуллап Матисаков.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×