Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 26.06.2015 10:03

Ноокатта акыркы 4 жылдан бери жүрөк кан тамыр ооруларынан жана инсульттан 6921 адам жабыркайт

Turmush -  Статистика боюнча, Кыргызстан Евразия өлкөлөрүнүн арасынан жүрөк кан тамыр ооруларынан, инсульттан мерт болгондордун көрсөткүчү боюнча 1-орунда турат. Бул тууралуу кечээ, 25-июнда өткөн коллегиялык кеңешмеде маалым болду.

Анда айтылгандай, бир жылда Кыргызстанда 18 миң адам каза таап, күнүнө 50 адам туура келет. Ал эми Ноокат районунда акыркы 4 жыл аралыгында аталган оору менен 2,8%га, башкача айтканда 6921 адам аталган оору менен ооруйт.

Эгерде өткөн жылы 6201 адам катталган болсо, 115 каза болгон. Ал эми өткөн жылдын 1-жарым жылдыгында 129 адам катталып, алардын 88и каза болгон болгон жана быйылкы жылы 240 адам катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×