Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 15.06.2015 18:43

Ноокат аймактык оруканасынын башкы дарыгери А.Атамбаевге калктын саны өскөндүгүнө байланыштуу орундар тартыш болуп жаткандыгын билдирди

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунда калктын саны өскөндүгүнө байланыштуу ооруканада орундардын тартыштыгы пайда болууда. Бул тууралуу бүгүн 15-июнда президент Алмазбек Атамбаевдин иш сапарында Ноокат аймактык оруканасынын башкы дарыгери Асаминдин Марипов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Мурдараак маалымдалгандай, А.Атамбаев бир күндүк иш сапары менен Ош гарнизонунда жайгашкан аскерлер үчүн курулган көп кабаттуу эки үйдү ачуу аземине катышып, андан соң Ноокат районундагы оорукананын абалы менен таанышып, бейтаптар менен жолугушту.

Орундардын тартыштыгынан улам бейтаптарды тейлөөдө кыйынчылыктар жаралууда, деп кошумчалады башкы дарыгер.

«Ноокат районунун элинин саны эки эсеге өстү. Бир жылда төрөттүн саны 8 миң 868ге жетти. Учурда кээ бир айылдардагы ооруканалар жабылып турат.

Мисалы, Зулпуев айыл өкмөтүндөгү оорукана селден жабыркап, жарактан чыгып калган. Анын ордуна жаңы оорукана куруу үчүн 250 млн сом акча керектелсе, оңдоп-түзөө иштерине 35-40 млн сомдун тегерегинде каражат сарпталат. Иштебей турган ооруканаларды ишке киргизүү менен муктаждыкты жойсок болот», - деди А.Марипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×